БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ — байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгашгырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, телефон ж-а телеграф байланыштары боюнча тейлеп, гезит, журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон ж-а телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер байланыш түйүнү радио түйүнүнөн, телеграф ж-а телефон станциясынан, кабар жыйноо ж-а билдирүү пунктунан, байланыш самолётунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер байланыш түйүнү туруктуу ж-а убактылуу болуп бөлүнүп, убактылуу байланыш түйүнү командалык, байкоо жүргүзүлүүчү ж-а тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт.