БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия м-н ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалында­гы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыра­туучу энергияга барабар. Байланыш энергиясы ядронун турук­туулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс ж-а абсолюттук чоңдугу канчалык жого­ру болсо, система ошончолук бышык болот. Мисалды, атом ядросу үчүн байланыш энергиясы ядродогу нуклондор­дун күчтүү аракети м-н аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропор­циялуу: ᐃт/ᐃЕ=тс2. Атом ядросундагы нук­лондор (протон ж-а нейтрондор) кармап туруу­чу байланы энергиясы миллиондогон эВ м-н ченелет. Өтө туруктуу ядронун байланыш энергиясы 8 .106 эВ/нуклонго (сыйымдуу байланыш энергиясы) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, ошондой эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу байланыш энергиянын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү м-н түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдүүлүк.