БАЙЛООЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЛООЧ - 1) ат байлай турган мамы, казык; 2) алгыр куштарды кармоо үчүн жайылган тордун ичине байланган көгүчкөн, таан жана башкалар. Асмандагы алгыр куштарга алыстан көрүнгүдөй кылып, талпынтыш үчүн байлоочтун эки мүрүсүнүн түбүнөн узун, ичке танап жип менен байлап, аны оочада жаткан саятчы улам-улам тартып коюп турат. Аны көргөн куш аламын деп куушурулуп, катуу качырып кирип, жайылган торго чалынат. 3) Чоң жырткыч айбандарды капкан менен кармаш үчүн да байлооч колдонулат. 4) Ар кандай себептер менен убактылуу иштей албай калган адам, убактылуу күч бере албай калган унаа жана салууга убактылуу жарабай калган (мүрүсүн тиштеткен, канатын сындырган жана башкалар) алгыр куш.