БАЙМАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙМАК - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов айыл өкмөтүнө караштуу. Касансай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 53 км. Калкы 2694 (2022); негизинен дыйканчылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, балдар санаторийи (1985-ж. ачылган), тегирмен, майжуваз цехи бар.