БАЙОВАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙОВАР , С е ч у р а - Түштүк Америкадагы фосфориттин ири кени. Перуда. Тынч океандын жээгине жакын Сечура чөлүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан. 1958-жылы ачылган, жер үстүнөн ачык казып алууга болот. Фосфориттин жалпы запасы 816 млн т, эсептелип бекитилгени 262 млн т (Р2О5 - 12-30,5%). Фосфориттер миоцен мезгилинин деңиз чөкмө катмарлары м-н байланыштуу. Пайдалуу катмар диатомит, акиташтеги ж-а кумдуу чополордон түзүлгөн. Калыңдыгы 40 кмге жетип, 12 м тереңдикке чейин уланат. Негизги кенташ участкасынын аянты 48 км 2дей.