БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ — негизинен токойлуу ж-а талаа зонасынын түндүк бөлүгүндөгү кокту­-колоттуу жерлерде таралган токой массивдери. Азыр алардын айрым бөлүктөрү гана аралча түрүндө сакталган, айрыкча Россиянын Европа бөлүгүндө гана кеңири таралган. Анда эмен, ак ечек, кызыл карагап, кара жыгач, майда жалбырактуу жөкө дарак, кайың, зараңдын түрлөрү, жапайы алма ж-а алмурут ж. б., Сибирде кайың басымдуу. Бадалдардан лещина, бересклет, шилби, долоно ж. б. кезигет. Ным сактоодо, эрозияга каршы мааниси бар. Жыгачтары ти­ричиликке кеңири пайдаланылат.