БАЙСАЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙСАЛОВ Жоомарт Усубакунович (12. 1. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы) - педагог, педагогика илимдеринин доктору (1998), профессор (2001). Пржевальск мамлекеттик пединститутунун физика-математика факультетин бүтүрүп (1970), Ысык-Көл районунда мугалим (1970-71), республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда методист (1971-74), Кыргыз педагогика илим- изилдөө институтунда илимий кызматкер, бөлүм башчы (1974-92), КМУУда доцент, кафедра башчысы (1990-95, 1998-2002), И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы (1995-98), 2002-жылдан КМПУнун алдындагы педагогика ж-а психология институту­нун директору. Байсалов математиканы ж-а информатиканы окутуунун теориясы ж-а методикасы б-ча 150дөн ашык илимий эмгек жараткан. Эмг.: Мектептин математика курсунун окуучуларды кесипке багыттоочу мүмкүнчүлүктөрү. Ф., 1989; Модульное обучение в профессионально-педагогической подготовки студентов. Б., 1997; Математиканы башталгыч класстарда окутуунун методикасы. Б., 2006.