БАЙТЕМИРОВ
БАЙТЕМИРОВ Насирдин (14. 4. 1916, Чүй облусу, Чүй району, Кегети – 23. 3. 1996, Бишкек) - жазуучу, акын, драматург, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1989). Фрунзедеги зооветеринар институтунда окуган. Москвадагы М..Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн (1955). Байтемиров мугалим, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы (1945), 1947–1950-жылдарда ж-а 1955–1967-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, «Кыргызстан маданияты»

жумалыгынын атайын кабарчысы (1967–1968) болуп пштеген. Чыгармачылык ишин ыр жазуудан баштаган. 1939-жылы балдарга арналган «Жомоктор» деген алгачкы китеби жарыкка чыккан. «Азаматтар» повести (1948), «Салтанат» романы (1949), «Жаш муундар» (1951), «Жаш жүрөктөр», «Сагын» повесттери (1953), «Бекем достук» аңгемелер жыйнагы (1952) жарык көргөн. «Салтанат» романы Байтемировдун чыгармачылыгындагы бурулуш учур, ошондой эле кыргыз прозасындагы жаңылык жана аны коомчулукка жазуучу катары тааныткан чыгарма. «Жаш муундар» повестинде автор кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кесипчилик окуу жайынын окуучуларынын турмушун, ал эмп үй-бүлөдөгү жана коллективдеги тарбия иштеринин эриш-аркактыгын «Сагын» повестинде чагылдырган. Ал - Кыргызстанда социализмдин орношу, тап душмандарына каршы күрөш, колхоз турмушунун татаал процессин сүрөттөгөн «Акыркы ок» (1958), «Жылдызкан» (1959), «Тарых эстелиги» (1966), «Сонундар дүйнөсү» (1967), «Санта» (1971), «Турмуш элеги» (1972) романдарынын автору. «Уркуя» романында кыргыздын карапайым аялдарынын коомдогу активдүүлүгү Уркуянын образы аркылуу ачылган. Бир катар поэтикалык ыр жыйнактары («Жүрөк күүсү», 1955; «Сүйгөнүм», 1957; «Долон», 1964; «Эриген таш», 1970, 1979; «Махабат дастаны», 1975; «Махабат жазы», 1979; «Махабатым - канатым», 1981; «Тандалмалар», 1988; «Махабат нуру», 1991; «Кылымдар деми», 1994; «Махабат - элим, жерим, ата-тегим», 1996) сыяктуу көлөмдүү ыр китептери басылып чыккан. Бул ыр жыйнактарга акындын бир катар поэмалары, драмалары, лпбреттолору киргизилген. Байтемировдун «Күйөө», «Айып кимде», «Адамдын аты» деген пьесалары бар. «Жаш жүрөктөр», «Эненин жүрөгү» операларынын, «Аста-секин колукту» музыкалык комедиясынын либреттолорун жана бир нече очерк, адабий сын макалаларды жазган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал элдик поэзиянын салтын улантып, дастан, казал формасындагы чыгармалар циклин жараткан. Кыргыз поэзиясында биринчилерден болуп Шабдан, Байтик баатырлар жөнүндө көлөмдүү дастандарды, Сагымбай Орозбаков, Курманжан датка, Зууракан Кайназарова жөнүндө казалдарды жазган. Акын 1990-жылы «Бир саптар» деген ат менен ырдын жаңы түрүн жараткан (мисалы, Дары жок ээ мансап деген илдетке?!; Жолдон сура канча терим акканын; Буранада шору кайнайт миң жылдын жана башка.). Ал республикалык театр, кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшү үчүн көп салым кошкон. «Отко таазим» толук метраждуу көркөм фильминин сценарийин жазган. Байтемировдун чыгармалары орус, украин жана башка тплдерде жарык көргөн. М. Ю. Лермонтовдун, В. В. Маяковскийдин, А. Навоинин, П. Неруданын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. «Махабатым - канатым» аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына (1984) татыктуу болгон. Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: Садыков А. Бир жылдын прозасы /Ала-Тоо, 1973, № 7; Асаналиев К. Кыргыз романы, көркөмдүк критерийлер /Ала-Тоо, 1973, № 3; Советтик Кыргызстан жазуучулары. Ф., 1976; Артыкбаев К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.