БАЙТЕШЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТЕШЕ - жыгач уста шайманы (керки). Байтеше чот түспөлдүү, жазы миздүү келип, жыгач сапка ашталат. Жумуру, жоон жыгачтардын бетин чуңкурайтып, чаап иштетүүдө пайдаланы­лат. Аны менен чеберлер негизинен ээр чабышат, соку оюшат.