БАЙТИК ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Сокулук районунда, Орок кыштагынан 500 м түштүк-чыгышта. Басбөлтөк дөңсөөсүнүн түштүк-батыш капталын­да. 1954-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүр­гүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күл бо­тодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыл бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 - 21,0 м. Грану­лометриялык курамы: 0,005 мм - 9,6% ; 0,005 - 0,01 мм - 41,5%; 0,01 - 0,25 мм - 42,7%; 0,25 мм - 2,05%; 0,5 - 1,0 мм - 1,2%; 1,2 мм - 3,0%. Чоподон «75» ж-а «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 5607 миң м3. Казылып алынууда.