БАЙТИК ӨРӨӨНҮ
БАЙТИК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоосу м-н Бозбөлтөктүн аралыгынан орун алган. Аянты 170180 км2. Узундугу 18-20 км, туурасы 8-12 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийикт. 1100-1300 м. Жеринин бети

түз, чыгышты карай өрөөн бир аз бийиктеп, адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тектерден турат, чет-жакаларында неогендин кум-чополуу тоотектери жер бетине чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; январдын орточо температурасы -4,8°С, июлдуку 17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 520 мм. Өрөөндөн Ала-Арча, Аламүдүн суулары агат. Жер астындагы суулары Бишкек шаарын камсыз кылат. Байтик өрөөнүнө ачык-күрөң топурактуу түркүн дан өсүмдүктүү ж-а шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Азыр баары айдоого айланган. Байтик өрөөнүндө Таш-Дөбө, Стрельникова, Байтик, Кашка-Суу, Арчалы кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек шаарынан Ала-Арча улуттук паркына баруучу автомобиль жолу өтөт.