БАЙТУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТУР Анвар (1938, Кытай, Чыгыш Түркстан, Ак-Суу шаарынын жанындагы Боздөң кыштагы - 1991) - кытайлык кыргыз тарыхчысы. 1953-жылы Ак-Суу шаарындагы педагогикалык окуу жайын (Дар ал-мугалимин), Үрүмчүдөгү Шинжаң институту­нун тарых-география факультетин (1956) бүтүргөн. 1956-жыл­дан КЭРде ар кыл илимий меке­мелерде иштеген. 70-жыл­дардын акырынан Пекинде­ги Кытай КП БКнын партиялык жогорку мектебинде, Адис­терди кайра даярдоо борбордук институтунда, аз улуттардын борбордук институтунда, Үрүмчүдөгү

Шинжаң университетинде ж. б. ЖОЖдордо иштеп, Кытайдагы элдердин өз ара алакаларынын та­рыхы, Чыгыш Түркстан элдеринин тарыхы, кыргыз эл тарыхы, уйгур эл тарыхы боюнча лекция окуган. Кытай коомдук ИАнын аз улут­тарды изилдөө институтунун доценти болгон. Кытайдагы Ортто Азия маданиятын изилдөө, майда улут­тар тарыхын изилдөө, байыркы элдердин ти­лин ж-а жазмасын иликтөө, түрк элдерин изилдөө, кыргыз тил, адабият, тарыхын изилдөө коом­дорунун мүчөсү. «Шинжаң менен ички өл­көлөрдүн тарыхый байланыштары», «Кыргыз адабиятынын жалпы абалы», «Кыргыз тарыхы лексийалары» сыяктуу эмгектердин автору. Осмоналы Сыдык уулунун эки эмгегин 1986-жылы «Мухтасар тарых-и кыргызийа» деген ат м-н бир китеп кылып чыгарткан.