БАЙТУРСУНОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙТУРСУНОВ Насыр (17. 11. 1915, Нарын облусу, Жумгал району, Көкөмерен кыштагы - 11. 5. 1995, ошол эле жер) - Даңк орденинин толук кавалери. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин мектепте мугалим болуп иштеген. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Брянскиде, 1- ж-а 2-Белоруссия фронтторунда салгылашкан. Друть ж-а Березина дарыяларын кечип өтүүдөгү эрдиги үчүн 3-даражадагы (1944), Висла дарыясындагы душмандын коргонуусун

бузуп өтүүдө полкко жол ачкандыгы үчүн 2-даражадагы (1945), Швенов кыштагын бошотуудагы баатырдыгы үчүн 1-даражадагы (1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон. Ошондой эле Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.