БАЙЫМБЕТОВ
БАЙЫМБЕТОВ Мамади (15. 5. 1927-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району) - педагог, КРдин эл мугалими (2001). Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Билим берүү системасында 50 жылдан ашык эмгектенип, анын ичинде 39 жыл мектеп жетекчиси бол

гон. Ал мугалимдик иш аракеттин устаты катары «Кол эмгек сабагы», «Пионердик үч баскыч», «Сегиз жылдык мектеп», «Милдеттүү орто билим алуу», «Даярдоо классы», «Үй-бүлө жана адеп сабагы», «Адеп сабагы», «Пилоттук мектеп» ж. б. жаңы башталмаларды мектепте калыптандырууда башка мектептерге насаатчы катары таанылган. Байымбетов кыргыз тили ж-а адабиятын окутуу, элдик педагогиканын методдору боюнча 40тан ашуун илимий макалаларын жарыялаган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.