БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ - антика жасал­га-колдонмо көркөм өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү. Негизинен турмуш-тиричиликке ылайык керамикадан же металлдан жасалган (коло, күмүш, алтын) жана мармар (лекиф) Байыркы грек идиштери пластикалык формалары

Орвьетодон кратер. Афина, Геракл жана аргонавттар. Биздин заманга чейин 430-жылдар чен.

жана сыпайы, кооз жасалгасы менен айырмаланат. Көркөм кооздолуп, сүрөт тартылган карапа (керамика) идиштери кеңири тараган. Алгач Байыркы грек идиштери колго, кийин карапа калыпка салынып жасалган, кээ бирлери штампталып, рельефтик жасалгасы болгон. Алар формасы жана спецификалык функциялары боюнча сал­ттуу түрдө 4кө бөлүнөт: 1) шарап сактоочу, муз­датуучу идиштер (амфора, кратер, пелика, псик­тер, стамнос); 2) сузуп алуучу жана куюучу идиштер (гидрия, киаф, ойнохоя); 3) бир нерсе ичүү үчүн (канфар, килик, ритон, скифос) жана өзгөчө топтогу идиштер; 4) ар кандай максаттарда - культтук, парфюмериялык (альбастр, арибалл, аскос, лебес, лекиф, лутрофор, пиксида) идиштер. Байыркы грек идиштери көбүнчө кооздолуп жасалган жана рельефтик жасалга көбүнчө идиштин тулкусу­нун жогорку бөлүгү менен ийин тарабында болот. Ал эми тулкусу жапыз вазаларда жана өйдөнү көздөй кеңейип кеткен киликтерде жасалга түбүндө же капталдарында жайгашкан. Ваза жасоонун эң алгачкы этаптарында идиштин жогорку жагы кооздоп жазылган.