БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, б. з. ч. 12-3-кылымдар) ж-а Палестинадагы жазмалар (б. з. ч. 8-2-кылымдар) аркылуу белгилүү. Б. з. ч. оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Талмуддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий ж-а көркөм адабий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.