БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ
БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кен казып алуу, металл эритүү ж-а тиричиликке керектүү буюмдарды жасоону өзүнө камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден эле чарбанын негизги тармагынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамилеге да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы ж-а өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруулардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири боюнча Кыргызстанда тоо кен өндүрүшү мустье доорунан башталган. Байыркы адамдар таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы - устаканалары орун алган. Мындай устаканалар Түштүк Кыргызстандын Капчыгай, Юрташсай деген жерлеринен табылган. Бир тектүү, курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынан миңдеген жылдар бою пайдаланылган. Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8-6-миң, күмүш ж-а коргошунду колдонуу 7-6-миң, алтынды пайдалануу б. з. ч. 5-миң, колону колдонуу б. з. ч. 4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез м-н калайдын куймасынан колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүп, андан калыпка куюу жолу м-н сапаттуу эмгек куралдарын жасашкан. Коло буюмдар чарбачылыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун далилдеген. Мындай археологиялык өзгөчөлүк «Жети-Суу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст маданиятында коло күзгү, орок куя турган таш калыптар ж-а курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кыргызстанда байыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сары-Жаздагы Ат-Жайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер ырастайт. Байыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштеткен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таш-Төбө көрүстөнүнөн табылган алтын жергиликтүү алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунда Кыргызстандагы тоокен байлыктарын казуу кыйла өздөштүрүлгөн. Археологиялык маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кендери иштетилгендиги жөнүндө даректүү кабарларды берет. 9-10-кылымдардагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жасалып, түрктөргө сатышкан. 10-12-кылымдарга таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы шаарына жакын жердеги Сары-Булуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштетилиши Жумгал жергесиндеги орто кылымдарга таандык Түгөл-Сай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычы турган жердеги Садыр Коргон шаар калдыгынан 9- 12-кылымдарга тиешелүү 70тен ашуун кен казган жерлердин орду табылган. Бул жерде биринчи кезекте күмүш казылып алынган. Кыргызстанда металл өндүрүшүнө байланыштуу жер-суу аталыштары арбын кездешет.
Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времён. Ф., 1984. Т. I.
К. Табалдиев.