БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЫР ПРИБОРЛОРУ , б а з и с т и к п р и б о р л о р — жер бетиндеги бир багыт боюнча белгиленген аралыктын же базистин узундугун өтө тактык м-н ченей турган геодезиялык прибор. 1880-жылы швед геодезисти Едерин ойлоп чыгарган. Байыр приборлору 1-жолу Россияда колдонулган. Алгачкы учурда темир сызгычтар колдонулса, азыр: 1:1 000 000дон ашпаган тактыкты камсыз кылуучу инвар зымы пайдаланылат. Зымдын узундугу 24 м. Эки учундагы 8 смлик аралыктар мм шкалаларга бөлүнгөн. Аралыктын узундугу, зымдын эки учуна 10 кг жүктөр илинип, зым керилгенден кийин гана ченелет.