БАЙЫР ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫР ТАРМАГЫ , б а з и с т и к т а р м а к - геодезиялык ченөөлөрдө колдонулуучу үч бурч­туктардын системасы. Ал жер бетинде тикеден­тике өлчөнгөн геодезиялык кыска базистен, триангу­ляциянын курамына кирүүчү үч бурчтуктардын биринин узунураак жагына талап кылынган тактыкта өтүүнү камсыз кылат. Байыр тармагы триангу­ляциянын баштапкы жактарын түздөн-түз өлчөө мүмкүн болбогон учурларда түзүлөт.