БАКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАН , а ч а б а к а н, т ү н д ү к б а к а н 1) үй тиричилигинде, айрыкча боз уй тигүүдө колдонулуучу, жоондугу билектей, узундугу 3-5 м кел­ген, бир учу ачакей, экинчиси мукур учталган шырык жыгач. Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө, үзүктү, түндүк жабууну, эшик чийди салууга, эшик боону түндүктөн өткөрүүгө, жаанда от жакканда түндүк жабуунун бир бурчун көтөрүп тирөөгө, кар жааганда ичинен түрткүлөп, боз үйдүн үстүндөгү карды түшүрүүгө жана башкаларга колдону­лат; 2) найза ордуна курал катары колдонулуу­чу узун шыргый; 3) апкеч, суу көтөрүүгө пайда­ланылуучу узун шыргый жыгач, к. Алабакан.