БАКА ЖАЛБЫРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКА ЖАЛБЫРАК (Ріапіадо) - өсүмдүктөрдүн бака жалбырактар тукумунун уруусу. 260 түрү бар. Түндүк ж-а Түштүк жарым шарлардын мээлүүн алкагында таралган, кээ бир түрлөрү гана тро­пикте кездешет. Көпчүлүгү көп жылдык чөп, бир жылдыгы да бар, мисалы, лузитан бака жалбырагы же коён жалбырагы Батыш Жер Ортолук деңиз жээгин­де, Батыш Азияда ж-а Түштүк Америкада таралган. Түндүк Африка чөлдөрүндө өзгөчө бадал - мавритан бака жалбырагы өсөт. Кыргызстанда өскөн 10 түрү чөп, тамы­ры чачы ж-а өзөк. Жал­бырагы кезектешип жайгашат. Айрымдары­нын сабагы кыска, жер­ден араң чыгып турат. Тамыр жалбырагы жа­зы, жарыш тарамыш­туу, узун саптуу. Гүлү майда, көрксүз, жа­шыл, топ гүлү - башча же машак. Мөмөсү - ку­туча же жаңгакча. Жол жээгинде, шалбаада,

кумдак жерде, боздоңдо өсөт. Маңызынын ж-а уругунун дарылык касиети бар. Кыргызстандын бардык өрөөндөрүндө, тоолорунда жолугат.

К. Т. Шалпыков.