БАКВАНГА
БАКВАНГА, М б у ж и - М а й и – Конгодогу алмаздуу аймак; Касаи провинциясында, алмаз казып алуу боюнча дүйнөдөгү ири кендерден. 2004-жылы 980 млн кар алмаз өндүрүлгөн, калган запасы 500 млн кар. Ангола-Конго алмаздуу провинциясына кирет. Түпкү (15 кимберлит түтүгүндө) жана чачынды кендерди камтыйт. Чачынды кендер 1916-жылы ачылып, 1917-жылдан, түпкү кендер 1946-жылдан казылат. Чачынды кендер 3 типке бөлүнөт: байыркы палеоген-неогендеги карсттык (тереңдиги 10 м, уз. жүздөгөн мге жетет, алмаздуулугу 1000 кар/т), азыркы аллювий (алмаздуу жумуру таштуу катмардын узундугу 2 км ге чейин, орточо калыңдыгы 0,75 м, алмаздуулугу 4-8 кар / м3) жана делювий-карсттык (узундугу жүздөгөн м, калыңдыгы 5-7 м, алмаздуулугу 1015 кар / м3). Сапаты начар; зергерлик сорту 3–4% , субзергерлиги – 20% , калганы – техникалык. Көпчүлүк таштары күңүрт, боз, күрөңүрөөк түстө; кабыкчадагы алмаз жана кристаллдар басымдуу; орточо массасы 0,02–0,03 кар, ирилери – 44 кар чейин.