БАКЕ МАРМАР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАКЕ МРАМОР КЕНИ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЕ МАРМАР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түндүктө, Чүй дарыясынын оң өйүзүндө, Кара-Тоо тоосунун түндүк.-батыш капталында. Кен 1928-жылы табылып, 1957-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Мармар катмары таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө тек­тердин арасында түндүк-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23-50 м, узундугу 500-800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристал­лдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006-0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мармар кү­күм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 ж-а С2 категориялары боюнча 3987 миң м3. Дубал­дарды каптоого, белек буюм жасоого жа­рактуу.