БАКИНОВА
БАКИНОВА Гүлжамал (12. 03. 1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы – 21. 06. 2001, Бишкек) –тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954). Мугалимдик кызматта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогикалык окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942–1944). Пржевальскидеги Киров атындагы орто мектепте мугалим (1941–1942), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) тил, адабият жана тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эмгектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун материалдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диалектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын» түзгөн.