БАКЛАЖАН
БАКЛАЖАН (Sоlаnum mеlоngепа) – ит жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы катуу, бийиктиги 1 м ден ашат. Жалбырагы чоң, гүлү манжа сымал, топ гүлү жалгыздан же чогулган,өңү кызгылтым көк.

Мөмөсү алмурут сымал сүйрү, салмагы 0,4-1 кг, ар кандай түрдө жана түстө. Баклажан жылуу жана нымдуу жерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Түштүк Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк катары эгилип, 18-кылымдан гана тамакка колдонулган. Тропик жана субтропик алкактарында, КМШ өлкөлөрүндө – Закавказье, Украина, Молдова, Орто Азияда айдалат. Курамында кант, май, кальций тузу, фосфор, темир бар. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Деликатес-163, Дон-14, Симферополь-105. Зыянкечтери: талаа канталасы, ийин чегирткеси ж. б. Илдеттери: кургак чирик, фитофтороз, солуп калуу.