БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ Нарын облусунда, Куланак кыштагынан 6–7 км түштүк-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2000–2552 м бийиктикте. 1959–1960-жылдарда геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмө тектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5–14,5 м, узундугу 5 км ге чейин. Гипсте катмарча жана линза сымал (калыңдыгы 0,5 м ге чейин) жаткан акиташ теги, чопо кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. 1-сорттогу курулуш гипси алынат. Карьерден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 1353 миң т.