БАКТЕРИЦИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЦИДДЕР - бактерияларды ж. б. мик­роорганизмдерди жок кылуучу химиялык каражат­тар. Алардын бактерияга көрсөткөн таасири ар түрдүү. Клетка кабыгын, клетканын бөлүнүү процессин бузат; цитоплазмадагы белокко таасир берет; белок денатурациясын, коагуляция­сын пайда кылат. Дезинфекция каражаттары катары медицинада, тамак-аш өнөр жайында, ошондой эле айыл чарбада үрөндү, топуракты дезинфекциялоодо колдонулат. Буларга спирт, формалин, суутек өтө кычкылы, антибиотиктер ж. б. кирет.