БАКТЕРОИДДЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКТЕРОИДДЕР (бактериялар ж-а гр. eidos - түр) — спора ж-а капсула пайда кылбоочу анаэробдуу бактериялар. Демейде кыймылсыз, өтө кичине таякчалар. Кишинин ооз көңдөйүндө, ичегилеринде, жыныс органдарында дайыма жолугат. Көп түрлөрү патогендүү - катуу сезгенүү процесстерин пайда кылат.