БАКТРИЯ
БАКТРИЯ , Б а к т р и а н а - Аму дарыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажикстандын түштүк ж-а Афганстандын түндүк облустарын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түштүгү ж-а түштүк -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы Маргиана м-н чектешкен. Бактрия - Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын ж-а мамлекеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Македонскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек — Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Кийинчерээк Бактрия ж-а Согд аймагында тохар уруулары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия - Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү ж-а алынып келинген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (б. з. ч. 4-2-кылымдар) табылган.