БАКТЫГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЫГУЛОВ Жумадил Сапалович (1936, Та­жикстан, Жерге-Тал району, Жерге-Тал айылы - 2000, Бишкек) - тарых илимдеринин доктору (1975), профессор (1978). 1962-ж. КМУнун тарых факультетин бү­түргөн. 1965-74-жылдарда ошол эле университеттин тарых факультетинде окутуучу, доцент, 1974-жылдан Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда улук илимий кыз­маткер, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда кафедра башчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директорунун орунбаса­ры, 1983-жылдан КМУУда кафедра башчысы болуп эмгектенген. 450дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 18 монография, 10 окуу китеби) автору. Анын илимий эмгектери көчмөн кыргыздарды оту­рукташтыруу проблемаларын, Кыргызстан тарыхы­нын историографиясынын маселелерин, кыргыз элинин калыптанышын ж. б. изилдөөгө арнал­ган. КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1991), эл агартуу отличниги (1986).
Эмг.: Из истории перехода кыргызского крестьянства к оседлости. Ф., 1971; Историография дореволюционного Кыргызстана. Ф., 1988; Организационно-хозяйственное укрепление колхозов Киргизии. Ф., 1991.