БАКУНИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУНИН Михаил Александрович (18(30). 05. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы – 01. 07. 1876, Швейцария, Берн) – орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идео­логдорунун бири. 1848–1849-жылдарда Австрия револю­циясына катышкан. 1851-жылы австриялык бий­лик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург че­бинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүр­гүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. Герцен, Н. П. Огарёвдор менен кызмат­ташкан. 1864–1865-жылдарда «Интернационалдык боор­доштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. Маркска жана анын жактоочула­рына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгресси­нин чечими менен Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эм­геги Россиядагы народниктер кыймылынын өнү­гүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых – адам баласынын «жаныбарлар дүйнө­сүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин – коомдун аң-сезиминдеги адашуусу.