БАКУ ХАНДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКУ ХАНДЫГЫ – азыркы Азербайжандын аймагындагы 1740–1806-жылдардагы мамлекет. Апшерон жарым аралынан орун алган. Борбору – Баку. Аны Иран шахы Надирдин мурдагы жан-жөөкөрү Мирзо Мухамед-хан 1747-жылы негиздеп, 1768-жылга чейин хандык кылган. Чарбасынын негизин соода, жер иштетүү, туз жана нефть өндүрүү түзгөн. 1804–1813-жылдарда орус – перс согушунун жүрүшүндө Баку хандыгы орус аскерлери тарабынан басып алынып (1806), 1813-жылы Гүлистан тынчтыгы боюнча Россия империясынын курамына кирген.