БАКЫЯН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКЫЯН - Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Талас-Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун ж-а Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 55 км түндүк-батыш тарапта. Маймак (Казакстан) темир жол бекетинен 67 км. 1921-жылы негизделген. Калкы 2857 (2022); негизинен тамекичиликте ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.