БАЛАГАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛАГАН - 1) көчмө театр. Орто кылымдарда Балаган көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. Балаган деп мурда чатыр аталган, анын кичинекей сахнасында чакан пьесалар ойнолгон, ошондой эле жонглёрлор менен дарчылар да чыккан; 2) көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедиянын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ойнойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат.
Азыркы мезгилде Балаган пантомима жанрында жана кээде кинофильмдерде кездешет.

