БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАНЫ ТАМАКТАНДЫРУУ - баланын орга­низмин керектүү азык заттар м-н камсыздоо. Тамак-аш баланын жашына ылайык тандалат. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин, акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет ж-а түрдүү ооруга чалдыктырат. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарптайт, алар кыймылдуу болгондуктан, организм белок м-н калориялуу азыкты арбын талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жу­муртка, сүт азыктарын жетишерлик алуусу зарыл. Углевод энергия булагы болгондуктан, балага өтө керек. Баланы витаминдүү ж-а мине­ралдуу тамак-аш м-н тамактандыруу өтө маанилүү. Бир жашка чейинки баланын негизги тамагы - эне сүтү. Бала эч болбогондо 6 айга чейин эненин эмчегин эмүүсү зарыл. 4-6 айынан баштап башка кошумча тамак-ашка үйрөтүп, түрдүү жемиш ширелерин 1-2 тамчыдан баштап, 8-10 чай кашыкка жеткирилет; алманы эзип бир чай кашыктан, жумуртканын сарысын сүткө ара­лаштырып берсе болот, 6-7 айында түрдүү жа­шылча сорпосун, ботко, эт сорпосун бере баштоо сунуш кылынат. 9-10 айында балага кашык кар­матып тамактанууга үйрөтөт. Бала бир жаштан кийин түрдүү тамак-ашка көндүрүлөт.