БАЛАСАГУН
БАЛАСАГУН - Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамлекетинин борбору. Шаар жөнүндө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Баласагун шаарынын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-кылым). Махмуд Кашгаринин (11-кылым) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Баласагун шаары, ошондой эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Баласагун Тараз шаарынын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор м-н курчалат. Ас-Самани (12-кылым) ж-а Якут (13-кылым) Баласагунду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13-кылымдагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айтылат. Абу-л-Фиданын (14-кылым) эмгегинде бул шаардын астрономиялык көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-кылым) Чүй суусунун боюндагы чоң шаардын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сакталган жерде имам Мухаммед Факих Баласагунинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-кылым) Баласагунду Кашкардан алыс жерге жайгаштырып, анын астрономиялык көрсөткүчтөрүн берет. 11-кылымда Баласагун шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам ж-а кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга ж-а археологиялык табылгаларына таянышып, байыркы Баласагун азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Баласагун шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай ж-а бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, ошондой эле элчиликтер жайгашкан. Шаар-

дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчалган. 14-кылымда ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Ө. Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Плоских В. М. Наш Кыргызстан. Б., 2004.