БАЛАСАГУНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАГУНИ Жусуп, Й у с у ф Х а с с Х а ж и б (болжол м-н 1015/18-1090) - түрк элдери­нин ойчулу, акын, мамлекеттик ишмер. Чүй өрөөнүн­дөгү Баласагун шаарында туулган. 1069-70-жылдарда он сегиз айдын ичинде өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» - «Кут берчү билим (бийлик)» дастанын жазган ж-а аны Кашкардагы Чыгыш Караханиддер каганы Сулайман Арслан Кара-кагандын уулу Тавгач Буура Кара-каган Абу Хасанга (1056-1103-ж. бийлеген) тартуу кылган. Кара­хандардын адабий тилинде - «Буура хакандык түрк тилинде» жа­зылган бул чыгар­масы үчүн ага ордо иштеринин баш­чысы - «атайын хажип» даражасы ыйгарылган. Көө­нөргүс философиялык-ди­дактикалык поэ­ма болгон «Кутад­гу билиг» - те­ңиртоолук түрк­төрдүн биздин күнгө чейин жет­кен мусулмандык рухтагы эң алгач­кы ири жазма адабий, көркөм чыгармасы (к. «Кутадгу билиг»).
Баласагуни чыгармасын болжолу 53-54 жаш курагында аяктаган. Айрым маалыматтарда ал

Ж. Баласагунинин эстелиги. Скульптор Т. Садыков.

68 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кашкар шаарынын түндүгүндөгү Тай­нап деген жерге коюлгандыгы тууралуу айты­лат. Кытайдагы «маданий революция» мезги­линде (20-кылымдын 60-жылдары) анын күмбөзү хун­вейбиндер тарабынан талкаланган. Кийин ал күмбөз кайрадан калыбына келтирилген.