БАЛА-ЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛА-ЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ Талас районунда, Талас Ала-Тоосунун этегинде, Бала-Чычкан суу­сунун сол капталында, деңиз деңгээлинен 2000–3000 м бийиктикте. 1967-жылы ачылган. Кен аймагын протерозой мезгилинин акиташ, филлит, сланец катмарлары, ордовик мезгилинин гранит, пи­роксенит, габбро тектери түзөт. Пироксениттин калыңдыгы 100–150 м, аянты 2 км2 болгон тул­кусунда титан-магнетит топтолгон (1–20%). Негизги минералдары: титан-магнетит, азыраак магнетит, ильменит, гематит. Кен таштагы (рудадагы) Ғе2О3–16,42%, ТіО2–3,54% , V205–0,06%, СО–0,05% . Алардын болжолдуу запасы: Ғе2О3 –1100,7 млн т, ТіО2–237,2 млн т, V205– 4,02 млн т, СО–3,35 млн т.