БАЛБАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАЙ, С а р ы - Б у л а к – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чы­гышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 9 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 178 км. 1890-жылы отурукташкан. Калкы 2974 (2022); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, бала бакча, мед пункт, китепкана, турмуш ­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы Бал­байдын ысымынан аталган.