БАЛБАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАКОВ Мурат (15. 12. 1936-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1992), профессор (1989), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2000), КРдин эмгек сиңирген экономисти (1991), КРдин илимге эмгек сиңирген иш­мери (1997). Москва айыл чарба академиясын (1958), СССР ИАнын ЭИ аспиран­турасын (1964) бүтүргөн. 1964-74-жылдарда Кыргыз ССР ИАда кенже, улук илимий кыз­маткер, сектор башчы, бө­лүм башчы, 1984-92-жылдарда Кыргызстан тоют ж-а жайыттар ИИИде директордун орун ба-

сары, агроөнөржай комплексинин жогорку баш­каруу мектебинин ректору, айылдык ишкерлер­ди даярдоо институтунун ректору, 1992-2003-жылдарда УАК төрагасынын орун басары, 2003-жылдан КР УИАнын экономиканы изилдөө борборунда бө­лүм башчы. Агрардык-экономикалык илимдин проблемалары боюнча фундаменталдуу эмгектери, анын ичинде илимий-техникалык прогресстин, коомдук эмгектин, негиз­ги өндүрүш фонддорунун, жер ж-а эмгек ресурс­тарынын өндүрүмдүүлүгүнө, айыл чарбасындагы рынок ма­милелерине арналган 100дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 19 монографиясы бар.
Эмг.: Сельскохозяйственное производство и научнотехнический прогресс. Ф., 1987; Труд и повышение производительности в условиях перехода к рыночным отношениям. Б., 1992; Основы рыночных отношений и их реализации в аграрном секторе экономики. Б., 1992.