БАЛБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАЛ - Талас облусунун Талас районундагы кыш­так. Калба айыл өкмөтүнө караштуу. Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1438 м бийиктик­те жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 25 км түштүк тарапта. Жамбыл темир жол бе­кетинен 122 км. 1933-жылы отурукташкан. Калкы 990 (2022); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, турмуш-ти­ричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо бар.