БАЛГАРТ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөн­дөрү менен чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 км, туурасы 8–10 км, орточо бийиктиги 4000 м. Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз менен жылмалан­ган тайпак чокулар бар. Батышка карай би­йиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу жана мөңгүлүү, майда суулар менен тил­меленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык жана нивалдык ланд­шафттар мүнөздүү.