БАЛДАРДЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК УЮМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК УЮМДАРЫ - ар кандай партиялардын, демократиялык жаштар жана аялдар уюмдарынын, кесиптик союз­дардын жана башкалардын жетекчилиги менен иштөөчү ыкты­ярдуу массалык балдар бирикмелери. Балдардын демократиялык уюмдары балдарды демократия духунда, элдер ортосун­дагы достукту жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жактоого тарбиялоонун өбөлгөсү болуп эсепте­лет. Дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттерин­де Балдардын демократиялык уюмдары түзүлгөн. Алардын ар биринин өзүнүн салтанаттуу убада, мыйзам, эреже, символикалары бар.