БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ - политехникалык окуунун ж-а кесип­тик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл ж-а ойлоп тапкыч жөн­дөмдүүлүгүн, техникалык ойлонуусун өнүктүрөт, илимий дең­гээлин жогорулатат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү техникалык объекттерди конструкция­лоодон көрүнөт. Балдардын техникалык чыгармачылыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкар­кы мекемелерде (жаш техниктердин станция­сында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө ж. б.), ошондой эле эмгекке үйрөнүү ж-а предметтик сабак­тарда ишке ашырылат. Балдардын техникалык чыгармачылыгын уюштуруунун эң кеңири тараган формасы - техникалык ийрим. Мык­ты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары кою­луп, сыйлыктар м-н сыйланат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы жет­кинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рацио­нализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструк­торлор, илимпоздордун көбү өз учурунда Балдардын техникалык чыгармачылыгы аркылуу даярдоодон өтүшкөн.