БАЛДАРДЫН ӨЗДҮК КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН ӨЗДҮК КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ - балдардын көркөм чыгармачылыкка шыгын жана жөндөмүн өстүрүү үчүн искусствонун ар түрдүү тармактары (ыр-хор, музыка, бий, сүрөтчүлүк, театр өнөрү жана башкалар) боюнча уюштурулган класстан же мектептен тышкаркы иштер. Мындай чыгармачы­лыкты уюштуруунун мазмуну, методу жана формасы ар түрдүү. Алар мектепте, балдар жана маданият үйүндө уюштурулуп, ийгиликтери майрамдар­да, даталуу күндөрдө, кечелерде, чыгармачыл конкурстарда жана фестивалдарда, радио берүүдө, телекөрсөтүүдө кеңири чагылдырылат.