БАЛДАР АЙЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР АЙЫЛЫ - томолой жетим же ата-­энесинин биринен ажырап, кароосуз калган балдар үчүн шарты үй-бүлөдөгү абалга жакын уюш­турулган мекеме. Мындай Балдар айылы 1949-жылы бирин­чи жолу австриялык педагог Герман Гмайнер тарабынан уюштурулган. Герман Гмайнер дүй­нөдөгү алдыңкы педагогикалык жетишкендиктерге таянып, жетим же ата-энеси тарабынан багуусуз калган балдар үчүн тарбия системасын түзгөн. Азыркы күндө дүйнөдөгү 120 мамлекетте Балдар айылы бар. Кыргызстанда 2000-жылы Бишкек шаарында, 2002-жылы Чолпон-Ата шаарында Балдар айылдары уюштурулган.

Бишкектеги «Балдар айылы» - Герман Гмайнер окуу-тарбия комплекси
Чолпон-Атадагы «Балдар айылы»