БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү

БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ - музыкалык билим алуунун башталгыч баскычы. Балдар музыкалык мектебине жалпы билим берүү мектептеринде билим алып жатышкан жана музыкага жөндөмдүү балдар кабыл алынат. Окуу программасына музыкалык аспапта ойноого үйрөтүү, ырдоо жана сольфеджио, музыка теориясы сыяктуу сабактар кирет. Республика боюнча 87 музыкалык мектеп бар (2007).


