БАЛДАР МУЗЫКАСЫ
БАЛДАР МУЗЫКАСЫ - балдардын кабылдоосуна жана аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ылайыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Балдар музыкасынын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, музыка тилинин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттарынын жетимдүүлүгү жана мазмунунун таасирдүүлүгү менен айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов жана башка композиторлор Балдар музыкасы жанрында классикалык чыгармаларды жаратышкан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кино тасмаларында, радио композицияларда Балдар музыкасы маанилүү орунда. Кыргыздын «Бешик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары менен катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов жана башка композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.