БАЛДАР ООРУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ООРУЛАРЫ - көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыр­кай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-ка­рын, дем алуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байла­ныштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жа­быркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфиксия, кем­тик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында фер­менттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру аз болгондо «Д» вита­мининин жетишсиздиги пайда болуп, итий оорусуна алып ке­лет. Наристе балдар (1-3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит , сарык ж. б.) м-н көбүрөөк ооруйт. Мектеп­ке чейинки балада (3-7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз), мектеп жашын­дагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүм­дөрдө нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын ж-а ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдын алуу үчүн кош бойлуу аял­дын туура тамактануусу, эс алуусу ж-а түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Балдарда жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт.