БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ
БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ - психология илиминин баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн, ар кандай курактагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн (фактор, механизмдерин) изилдөөчү бир тармагы. Окуу-тарбиялоонун практикалык маселелерин, педагогикалык психология м-н философиянын теориялык маселелерин иштеп чыгууда балдар психолгиясынын мааниси чоң. Атайын изилдөөлөр 19-кылымдын аягында ж-а 20-кылымдын башында пайда болгон. Белгилүү психологдор (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, А. А. Менчинская, П. Я. Гальперин, Д. Б. Эльконин, А. В. Запорожец ж. б.) баланын психикасынын өнүгүүсүнө тарыхтын, маданияттын, айлана-чөйрөнүн ж-а иш-аракеттин тийгизген таасирин анализдешкен. Балдар психологиясында илимий эксперименттердин коюлушу бул илимдин өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген. Кыргызстанда алгачкы илимий иштердин негизги максаты баладагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жергиликттүү шарттын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга багытталган. Мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун психологиялык-педагогикалык принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбиялоо системасынын өнүгүшү» деген эмгегинде чагылдырылган. Илимий -эксперименттик, психологиялык изилдөөлөр С. И. Гершун, Ж. Жоокаев, Н. Н. Палагина, Ж. М. Жумалиева, К. Н. Кененбаева, Ч. А. Шакеева, С. В. Фатеев, А. Ысыкеев, К. Миңбаев, Т. А. Коңурбаев ж.б. психологдордун эмгектеринде кеңири берилген. Балдар психолгиясынын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан илимий-эксперименттик деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) сыяктуу эмгектер жарык көргөн.